Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Дастан Бекешев: "Өкмөттүн антикризистик программасында ишкерлерди эмес, жөнөкөй жарандарды колдоо механизми жок"

14-05-2020
16:54

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Өкмөттүн антикризистик программасына пенсионерлерди, жалгыз бой энелерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, кароосуз калган балдарды жана калктын аялуу катмарын алгылыктуу колдоо чараларын киргизүүнү сунуштады.

"5 миң сомдон болбосо да, 2 миң сомдон 2 млн. кыргызстандыкка акча таратсак жакшы болмок. Жалпы 75 млн. АКШ доллары кетмек. Бирок апрелде эле Эл аралык валюталык фонддон алынган 100 млн. АКШ доллары жумшалды", - деген Дастан Бекешев мамлекеттик каражатка ата мекендик ишканаларда өндүрүлгөн гана азык-түлүктү алуу чараларын кароону сунуштап, бул ички экономиканын жанданышын шарттай тургандыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы