Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кенеш 2020-жылга карата республикалык бюджетке киргизилген түзөтүүлөрдү кароодо

14-05-2020
16:26

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, каржы министри Бактыгүл Жеенбаева баяндама жасады.

Алсак, экономика министри Санжар Муканбетов Кыргызстандагы экономикалык негизги параметрлерге токтолуп, коронавирус пандемиясына жана ага ылайык киргизилген карантиндик чараларга байланыштуу бүткүл дүйнөдө экономикалык жигердүүлүк төмөндөгөнүн белгиледи. Муну менен катар ар кандай баалоолордун негизинде 2020-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүш ыргагы 3%дан 10%га чейин, соода жүгүртүү 10%дан 32%га чейин кыскарарын кошумчалады.

"Эл аралык валюта фондунун божомолу боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшү жайлайт. Тагыраагы, Россиянын ички дүң өнүмү 5,5%га, Беларусияныкы 6%га, Арменияныкы 1,5%га, Казастандыкы 2,5%га төмөндөшү мүмкүн", - деген Санжар Муканбетов, өнөктөш мамлекеттердеги экономикалык абал Кыргызстанга да таасирин тийгизип, капиталдын кириши жана акча которуулар 20%га азаяры күтүлүп жатканын билдирди.

Өз кезегинде каржы министри Бактыгүл Жеенбаева 2020-жылга карата жалпы республикалык бюджеттин кирешеси 132,9 млрд. сомду түзөөрүн же ички дүң өнүм 22,8% болорун кошумчалады. Буга байланыштуу 2020-жылдагы бекитилген бюджет 30,8 млрд. сомго же 18,8%га төмөндөйт.

"2020-жылга карата республикалык бюджеттин чыгашасынын жалпы көлөмү 161,3 млрд. сом же ички дүң өнүм 27,7% болору белгиленүүдө. Тагыраагы, бекитилген бюджетке караганыбызда 10,3 млрд. сомго кыскарып, дефицит 28,4 млрд. сомду түзөт", - деди Бактыгүл Жеенбаева.

Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Өкмөттүн биринчи жана экинчи каатчылыкка каршы программасы тууралуу сөз кылып, киргизилип жаткан ишкерлерди колдоо, экономикалык ишмердүүлүктү кайра калыбына келтирүү чаралары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле антикризистик фонд түзүү мерчемделип жатканына токтолуп, андагы эсеп менен ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү максатталганын белгиледи.

Мыйзам долбоорун талкуулоо суроо-жооп иретинде улантылууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы