Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы аскердик кызматташтык тууралуу макулдашуу каралды

14-05-2020
12:05

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  14 – майдагы олтурумунда депутаттар “2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашты.

Макулдашуу Кыргыз Республикасынын жана Монголиянын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда эки тараптуу аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында даярдалган жана кол коюлган.

Макулдашуу аскедик-техникалык кызматташуу; аскердик өнөр-жай; аскердик билим жана технология; тынчтыкты сактоо иш-аракеттери багыттарындагы кызматташууларды камтыйт. 

Мыйзам долбоору 3 – окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы