Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү талкууланды

14-05-2020
11:57

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  14 – майдагы олтурумунда депутаттар “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карашты.

Мыйзам долдоорунун негизги максаты “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу тууралуу” мыйзамына шайкеш келтирүү болуп саналат. Бул мыйзам долбоору аркылуу калкты жана өлкө аймагын өзгөчө кырдаалдарда жана аскердик абалда жарандык коргонуунун укуктук мамилелери жөнгө салынат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр редакциялык гана мүнөзгө ээ.

Мыйзам долбоору 3 – окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы