Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр добуш берүүгө жөнөтүлдү

14-05-2020
11:47

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашты.  

Мыйзам долбоору аталган мыйзамдын жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине, башпаанек издеген документтештирилген адамдарды жана качкындарды каттоо бөлүгүндө, ошондой эле башпаанек издөөгө келген чет өлкөлүк жарандардын өтүнмөлөрүн каттоого тиешелүү болгон маселелерди жөнгө салуу үчүн укуктук негиздерди орнотууну Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына  шайкеш келтирүүгө багытталган.

Талкуудан соң үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы