Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Чектеш мамлекеттерден келген эмгек мигранттарын көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору каралды

14-05-2020
11:42

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоор үчүнчү окууда каралды.

Демилгечи депутат Исхак Пирматов. Мыйзам долбоору иш издөө жана убактылуу эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагына мезгил-мезгили менен келип турушкан чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгектенүү иш-аракеттерин мыйзамдаштырууга багытталган. Ал эми негизги максат болуп чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгек миграциясына көзөмөл жүргүзүү жана жекече эмгектик иш-аракеттерге патент берүүдөн келип түшкөн каражаттардын эсебинен бюджетти толтуруу болуп саналат.

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы