Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Бактыбек Турусбеков жакырчылыкты жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу сунушун берди

14-05-2020
11:14

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков: "Ишкерлер өзгөчө кырдаал маалында "Манас" кең жолундагы курулуш иштери жүргүзүлүп жатканына нааразы болушууда. Эскертпестен ишкерлер тарабынан коюлган таманташтар алынып, курулмалар оңдолгон" - деди.

Эл өкүлү белгилегендей, ишкерлерге 2020-жылдын февраль айындагы дата менен эскертүүлөр эми берилүүдө. "Ишкерлер өз кайрылуусунда бардык иштер Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашылганын айтышып, иштөөгө уруксат берүүнү суранышууда" - деди Бактыбек Турусбеков.

Андан тышкары депутат пандемия маалында калктын төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнүн азайганын эске алуу менен жакырчылыкты төмөндөтүү чараларын иштеп чыгуу сунушун берди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы