Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Искандер Гайпкулов тиешелүү мекемелерди дары-дармектерди негизсиз кымбаттаткандарды токтотууга чакырды

14-05-2020
11:15

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйында депутат Искандер Гайпкулов Кыргызстандагы дары-дармектердин наркынын жогору экенине токтолуп: "Дарыканалар дары-дармектердин баасын доллардын курсунун өсүшүнө байланыштырып көтөрүшүүдө. Бирок, нарк курстук айырмачыктан да 2-3 эсе жогору болууда. Мисалы, мурда гепарин 80 сомдон сатылчу, азыр анын баасы 230 сомго чыкты. Айрыкча жүрөк-кан тамыр ооруларына керектүү дарылар өтө кымбаттады", - деди.  

Буга байланыштуу эл өкүлү монополияга каршы органды жана дары-дармек менен камсыздоо департаментин кырдаалдан пайдаланып жаткандарга чара көрүүгө чакырды. дары ташуучуларга чара көрүү

Андан тышкары депутат  кыргыз-өзбек чек арасындагы сүйлөшүлгөн тилкелерди демаркациялоо үчүн алгылыктуу аракет көрүү керектигин белгилеп, Араван районундагы 305 гектар тилке тосулбай турганын, ушул эле учурда өзбек тарап бардык техникалык иштерди аяктаганын кошумчалады.

Сөзүнүн соңунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнгөн каражаттардын кыскарганына каршылыгын билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы