Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Бакирдин Субанбеков: "Өкмөт улуттук экономиканы кайра калыбына келтирүү үчүн ички резервдерди пайдаланышы керек"

14-05-2020
10:46

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков Өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн дыйкандарды үрөн, жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу каражаттар менен толук камсыздоо чараларын күчөтүү зарылчылыгына бурду.

Андан тышкары эл өкүлү Кыргызстанга кайткан мигранттарды жумушка орноштуруу, күз-кыш мезгилдеринде кайталашыны күтүлүп жаткан COVID-19 илдетинин жаңы толкунуна даярдык көрүү маселелерине токтолду. "Мамлекеттик резервдин корун толтуруу зарыл. Андан тышкары калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо өтө маанилүү", - деди Бакирдин Субанбеков.

Ошондой эле депутат экономиканы кайра калыбына келтирүү маселесин да сөз кылып, ички резервдерди пайдалануу жана экспортко багытталган ишканаларды колдоо зарылчылыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы