Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төраганын орун басары Мирлан Бакиров түрткү берүүчү гранттардын алынып салынганын каршы болду

14-05-2020
10:33

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төраганын орун басары Мирлан Бакиров бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартуу боюнча Өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу өз пикирин билдирди.

Тагыраагы, эл өкүлү 600 млн. көлөмүндөгү "Түрткү берүүчү" гранттар беренеси боюнча каржылоонун алынып салынганына каршы болду.

"Азыр бул берене боюнча "0" деп көрсөтүлгөн. Түрткү берүүчү гранттардын кыскарышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оор залакасын тийгизет. Анткени айыл өкмөт башчылары грантка ишенип талкаланган жол, мектеп жана башка маселелерин чечүү үчүн долбоорлорду жазышкан", - деген Мирлан Бакиров Өкмөттү 2020-жылдын бюджетине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү кайрадан карап чыгууга чакырды.

Андан тышкары депутат ата мекендик айыл чарба азыктарын тоскоолдуксуз чыгарып сатууну камсыздоо зарылчылыгына токтолуп, аларды экспорттоодон түшкөн киреше жыл сайын 22 млрд. сомго чейин жетерин белгиледи.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы