Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Баткен облусунда заманбап оорукана жок

13-05-2020
16:19

Бул тууралуу депутат Карамат Орозова бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңеште Өкмөттүн 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгын кароо маалында билдирди.  

“Жыл башынан бери Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында бир катар жаңжалдар орун алды. Жабыркагандар болду, үйлөр өрттөндү. Тилекке каршы аталган облуста социалдык курулуштардын да абалы начар. Ал тургай заманбап оорукана курула элек”, -  деди депутат.  

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт жабыркаган тамдарды калыбына келтирерин белгилеп, чек арага чектеш аймактардагы башка көйгөйлөр да чечилерин кошумчалады. “Баткен облусунда заманбап оорукана куруу үчүн 5 гектар жер бөлүнгөн” – деди Өкмөт башчы.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы