Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Руслан Казакбаев Кыргызстанга инвестиция тартуу маселесин көтөрдү

13-05-2020
15:21

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңеште Өкмөттүн 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгын кароо маалында депутат Руслан Казакбаев Кыргызстанга инвестиция тартуу маселесине токтолду.

Депутат Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында республикага инвестиция тартуу боюнча агенттик түзүү сунушун берди. Муну менен катар инвесторлор үчүн өлкөдөгү туруктуулук маселеси өтө маанилүү экенин айткан Руслан Казакбаев, чет өлкөдөгү элчиликтер бул жаатта жигердүү иш алып барышы керектигин кошумчалады.   

Ал эми Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элчиликтер менен жыйын өткөрүлгөнүн, аларга өлкөгө инвестиция тартуу боюнча тапшырма берилгенин маалымдады.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы