Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети парламенттик угуу өткөрөт

22-05-2020 09:08

2020-жылдын 22-майында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрөт.

Иш-чара Жогорку Кеңештин жыйындар залында өтөт (3-чү кабат)

Байланыш номуру: 0312 63-89-59

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 9212

Окшош жаңылыктар