Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жаңылыктар

29-08-2016 15:09

Жогорку Кеңеш Төрагасынын фондунан Москвадагы өрт кырсыгында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жардам иретинде 1 млн. сом бөлүнөт

Кыргызстандын 14 жаранынын өмүрүн алган бул кайгылуу окуя - өрт кырсыгы 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарында (Орусия) болгон.

29-08-2016 13:53

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата 30-августка белгиленген салтанаттуу иш-чараны кийинкиге жылдырды

Мындай чечим 2016-жылдын 27-августунда 14 мекендешибиздин өмүрүн алган Москва шаарындагы (Орусия) кайгылуу окуяга – өрт кырсыгына жана 9 адам каза болгон Бишкек-Ош жолундагы авто кырсыкка байланыштуу кабыл алынды.

29-08-2016 13:01

Депутат Б.Райымкулов Панфилов районунун шайлоочулары менен жолугушуп, спорттук мелдештерге күбө болду

28-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакыт Райымкулов Чүй облусунун Панфилов районунун Киров айылында шайлоочулар менен менен жолугушуп, жаштар арасында спорттук мелдештерге күбө болду.

28-08-2016 01:07

Чыныбай Турсунбеков Москвада өрт кырсыгынан каза болгон кыргыз жарандарынын жакындарына көңүл айтты

Төрага каза болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүү боюнча жана бул иштин аткарылышын көзөмөлгө алууну Жогорку Кеңештин аппаратына тапшырды.

23-08-2016 17:00

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркиянын Ван аймагында жана Газиантеп шаарында болгон террордук актка байланыштуу көңүл айтты

“Боордош Түркия элине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин колдоосун тастыктоо менен бирге, каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен, жарадар болгондорду Алла Таалам тезирээк сакайтышын тилейм” деп айтылат көңүл айтуу баракчасында

23-08-2016 11:58

24 агустунда “Парк-отель” отелинде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы: өзгөртүүлөргө муктаждык барбы же жокпу” темасында “тегерек стол” өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш менен Атуулдук Көзөмөл Комитети биргелешип өткөрүп жаткан иш-чара мамлекеттин Башмыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү ар тараптуу талкууга алууну көздөйт

23-08-2016 10:26

Асылбек Жээнбеков:   Жергиликтүү бийликтин  күчтүүлүгү – өлкөнүнүн өнүгүүсүнүн зор ресурсу

СДПК парламенттик фракциясынын лидери Иса Омуркулов жана  депутаттар Айнуру Алтыбаева, Азамат Арапбаев, Асылбек Жээнбеков, Искендер Кадыркулов Ош облусуна жасаган жумушчу сапардын алкагында Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен жолугушту.

23-08-2016 10:24

СДПКчылардын  Ош, Баткен облусуна жумушчу сапары башталды

Жумушчу сапардын алкагында эл өкүлдөрү райондордогу инфраструктуралык жана социалдык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин бүгүнкү абалдары  менен таанышат.