Төрага Талант Мамытов мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга байкоочулардын катышуусу жогорку мааниге ээ экенин белгиледи.
Баарлашуу алкагында Төрага Талант Мамытов эл аралык стандарттарга шайкеш келген демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
6-январда КР Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Нови-Сад шаарында (Серб Республикасы) өткөн самбо боюнча дүйнөнүн чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген улуттук курама команданын мүчөлөрүн куттуктады.
Белгилей кетсек, Осмоналиев Нурадил Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовго кат жазган.
Мектеп-интернаттын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Рахат Назарбекова берилген сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, "Жаңы жыл - жаңы үмүттөр" аталышында балдар арасында өткөрүлгөн сынакка 45 тарбиялануучу катышканын, анын ичинен 9 сүрөт республикалык сынакка көрсөтүлгөнүн маалымдады.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык сектор, маалыматтык технология жана бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.
«Мамлекетибиздин эң чоң улуттук байлыгы — бул биздин билимдүү жаштар»,— деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 27-декабрда, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чарада.
Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, 2020-жылы коронавирус инфекциясы пандемиясынын улам келип чыккан көйгөйлөр билим берүү системасына жаңы инновацияларды киргизүүгө түрткү болгонун белгиледи.
Бул тууралуу бүгүн, 25 - декабрда "Парламент" радиосунда мейманда болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет мамлекеттердеги диаспоралар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман мырза билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселелерди чечүүдөн сырткары, төмөнкү милдеттерди аткарууга көңүл бурушу керектигин белгиледи: