Жаңылыктар

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

27-11-2017 09:30

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарында жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи  "Ала-Арча" резиденциясындагы "Эне-Сай" боз үйүндө башталат. Салтанатка Жогорку Кеңеш депутаттары да катышат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

24-11-2017 08:39

Бүгүн, 23-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш алдыдагы жылдын бюджетин карап, өткөн жылдын киреше-чыгашаларын тактайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

23-11-2017 08:41

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызмат ордуна Толкунбек Абдыгуловду дайындоо маселесин карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

22-11-2017 08:30

Мындай эреже ар бир айдын 3-4-жумасынын шейшемби күндөрү сайын  кайталанып турат.

21-11-2017 08:42

Бүгүн, 20-ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

20-11-2017 08:40

Бүгүн, 17-ноябрда КСДП фракциясы жол коопсуздугу системасын реформалоо маселесин карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

17-11-2017 08:25

Бүгүн, 16-ноябрдагы парламент олтурумунда “Республиканын мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшү жөнүндө” Өкмөттүк саат өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

16-11-2017 08:39

Жогорку Кеңеш бүгүн, 15-ноябрдагы жыйынында “Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

15-11-2017 08:34

Бүгүн, 14-ноябрда Отун-энергетика комплекси жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитет «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019 – 2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

14-11-2017 08:45