Жаңылыктар

Санкт-Петербург шаарындагы (Орусия) Таврия сарайында Кыргыз ССРинин Министрлер Кеӊешинин төрагасы, көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовдун ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү.

22-03-2019 16:52

Бүгүн, 22-мартта Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясына Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр Аке) эстелик бюстту салтанаттуу түрдө берилди.

22-03-2019 14:28

Жогорку Кеӊештин Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү бүгүн, 11-мартта Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү Михаэль Зилберт жана Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен баштаган дипломаттар тобу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Жолугушууга кыргыз тараптан Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү Айнуру Алтыбаева, Сайдулла Нышанов, Умбеталы Кыдыралиев, Жаныбек Бакчиев катышты.

11-03-2019 11:56

Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды.

05-03-2019 14:38

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Жума менен жолугушту.

12-02-2019 18:24

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Исхак Пирматов Кыргызстандагы Тажикстан Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода жана Иран Ислам Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани менен жолугушту.

12-02-2019 15:19

Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту.

05-02-2019 15:11

Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну кабыл алды.

29-01-2019 14:33

2019-жылдын 23-24-январь күндөрүндө ТҮРКПА Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) колдоосу астында токойлорду коргоо жана айлана-чөйрөдөгү жаратылышты пайдалануу боюнча семинар болуп өттү.

25-01-2019 14:15

Бүгүн, 21-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Улуу Улуттук жыйынынын депутаттары Жевдет Йылмаз менен Лютфи Элванды кабыл алды.

21-01-2019 17:52