Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасына жасаган расмий сапары учурунда Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүн зыярат кылып, куран окутушту.

17-07-2019 09:31

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын тобу Түркиянын баш калаасы Анкарада «15-июлдун курмандыктарын эскерүүгө" арналган иш-чарага катышты. Түрк парламентинин имаратында өткөн иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн парламент жетекчилери менен депутаттары чакырылган.

15-07-2019 17:03

Жогорку Кеӊештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров менен депутат Данияр Төлөнов Хамуро шаарынын мэри Наимки Шин баштаган жапон делегациясы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин абалы жана келечеги жаатында пикир алышты.

04-07-2019 11:24

Бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Австрия Республикасынын Федералдык Кеңешинин Президенти Инго Аппе менен жолугушту.

24-06-2019 15:59

Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Кытай Эл Республикасынын Кытай коммунисттик партиясынын (ККП) Фанченган шаардык комитетинин катчысы, Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын Фанченган шаардык туруктуу комитетинин директору Ли Яньцян баштаган делегация менен жолугушту.

14-06-2019 18:03

Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Арксты кабыл алды.

14-06-2019 16:21

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту.

12-06-2019 18:24

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеӊештин депутаттар тобунун демилгеси менен эки күндөн бери Бишкек шаарында өтүп жаткан “Парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мониторинг жана баа берүү” темасындагы Евразия парламентчилеринин аймактык форумунун катышуучулары Жогорку Кеӊештин вице-спикери Мирлан Бакиров башында турган депутаттар тобу менен жолугушту.

07-06-2019 17:14

Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов жана Искандер Гайпкулов 27-29-майда Австриянын борбору шаарында Вена Биргелешкен Институту менен Бүткүл дүйнөлүк соода уюму өткөрүп жаткан соода-сатык саясаты тууралуу аймактык семинарына катышууда.

27-05-2019 15:31

Кембридж университетинде Каныбек Иманалиевдин Улуу Британияда англис тилинде басылып чыккан «Каганат» китебинин бетачар аземи болуп өттү. Адегенде Евразиялык чыгармачыл гильдиянын төрагасы Марат Ахмеджанов сөз алып, китеп жөнүндө кыскача оюн айтты.

21-05-2019 15:47