Жаңылыктар

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы интеллектуалдык менчикти коргоо чөйрөсүндөгү өз ара карым-катнашты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

06-12-2019 17:25

Бүгүн, 27-ноябрда Төраганын орун басары Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Аттокуров жана Руслан Чойбеков Казакстан Республикасынын Биринчи президентинин күнүнө карата уюштурулган парламенттер аралык конференцияга катышты.

26-11-2019 17:01

КМШ ПАА Кенешинин жыйынына Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева катышты.

22-11-2019 12:13

Конференциянын темасы “КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттик кызматташуу алкагында саясий партиялардын фракция жана блокторунун өз ара кызматташуусунун ролу” деп аталат.

19-11-2019 14:43

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси көтөрүлдү.

15-11-2019 16:08

Бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ереван шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынынын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен бирге калаадагы өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

05-11-2019 15:21

Бүгүн, 5-ноябрда Ереван шаарында (Армения Республикасы) Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйыны өтүүдө.

05-11-2019 12:28

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына жана 12-пленардык отурумуна катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения Республикасы) барды.

05-11-2019 09:18

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Европа бирлигинин Кыргызстандагы элчиси жана өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин учурдагы абалы боюнча пикир алышты.

30-10-2019 14:30

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева бүгүн, 29-октябрда Германиянын Конрад Аденауэр атындагы фондунун Борбордук Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ронни Хайне менен жолугушуп, кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты.

29-10-2019 14:17