Түз
эфир
15-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карим Ханжеза Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнүн 34 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышып, андагы курман болгондорду эскерди.
Аталган митинг-реквием Москва районунун борбору Беловодское айылынын башкы аянтында өттү. Иш-чарага ардагерлер, курман болгон жоокерлердин туугандары жана жакындары, жергиликтүү тургундар жана Москва райондук мамлекеттик администрациясынын акими Ниязбек Козуев, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын алкагында эстеликке гүл коюлуп, катышуучулар сөз сүйлөштү, ошондой эле согуштун Баатырларына Ардак грамоталар тапшырылды.