Түз
эфир
Менчиктештирүүнүн келишиминдеги шарттарын бузгандыгы үчүн жеке тараптардан мүлктү мамлекет тартып алууга толук укуктуу. Учурда Мүлк фонду тарабынан менчиктештирилип кеткен обьекттерди кайтарып алуу иштери жүрүп жатат.
Бүгүн парламентте “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарын, орун жайларын, курулмаларын жана жер участокторун кайра кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жүргүзүп жаткан иши жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, депутаттар кызуу талкуулап, өкмөткө сунуштарын беришти.