Түз
эфир
Бүгүн "Мекенчил" депутаттык тобунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында төмөндөгү эки маселени карады:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2012-2022 жылдарынын ишмердүүлүгү жана 2023-2025 жылдарына карата иш пландары;
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2012-2022 жылдарынын ишмердүүлүгү жана 2023-2025 жылдарына карата иш пландары.
Эл өкүлдөрү аймактардагы жолдордун, социалдык обьектилердин учурдагы абалы, курулушу боюнча маселе көтөрүп, аткарылып жаткан жумуштардын ийгилик, кемчилигин талкуулашты.