Түз
эфир
Жогорку Кеңештин Ар кандай маселелер саатында депутат Жаныбек Абиров "Аалам Строй" курулуш компаниясынан жабыр тарткан элдин үнүн трибунадан айтты.
Анткени, аталган компания Бишкек шаарында Тыналиев көчөсү № 1/3 дарегинде 280 батирден турган көп кабаттуу үйлөр курулган. Жашоочулар менен түзүлгөн келишим боюнча үйлөрдү жылуулук тармагына кошуп берип 2016-жылы эксплуатацияга киргизмек, бирок азыркы учурга чейин киргизиле элек.