Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Ырысбек Атажанов “Гүлзар” балалык борборунун тарбиялануучулары менен жолугушту

14-02-2023
14:55

Депутат Ырысбек Атажанов “Гүлзар” балалык борборунун тарбиялануучулары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүлгөн жолугушуу алкагында келечек ээлерине парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилип, депутаттардын жалпы жыйынынын жүрүшү көрсөтүлдү.

Баарлашуу маалында депутат Ырысбек Атажанов: “Жигердүү билим алып, изденип илим үйрөнгүлө. Анткени, мамлекетибиз билимдүү жана тажрыйбалуу адистерге ар дайым муктаж”, – деди.

Муну менен катар келечек ээлерине татыктуу таалим-тарбия берүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, жаштардын эртеңи үчүн жасалып жаткан иштерге токтолду.

Ошондой эле жолугушууда окуучулар кызыккан суроолорун узатышып, депутаттан жоопторду алышты.