Түз
эфир
Баткен облусунда чек ара колледжи ачылышы мүмкүн. Жаштарды ата мекенди сүйүүгө, патроттуулукка тарбиялоо максатында мындай окуу жай облуска сөзсүз керек. Бул тууралуу депутат Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып, Чек ара кызматын аталган маселени ишке ашырууга чакырды. Мындан сырткары эл өкүлү Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-өзбек чек ара бекеттеринин ачылышы боюнча маселе көтөрдү.