Түз
эфир
Өндүрүш ишканаларын ачып, ишкерлерди колдоп, жумуш орундарын түзмөйүнчө миграциядагы мекендештерди кайтара албайбыз. Мындай пикирин депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтып, чет жерде эмгектенген мекендештер көрүп жаткан кыйынчылыктарды тизмектеп, аларды чечүүнүн жолу катары Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү керек экендигине токтолду.