Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жапалак айыл аймагындагы Арек айылында 120 орундуу жаңы бала бакча ишке кирди

09-01-2023
12:50

Жапалак айыл аймагындагы Арек айылында 120 орундуу жаңы бала бакча ишке кирди. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов жана Шайлообек Атазов ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мында депутаттардын жаны имараттын ачылышы менен куттуктап, алгач Айбек Осмонов сөз сүйлөп бала бакчанын курулушуна токтолду: “Жаңы пайдаланууга берилген бала бакчаны 2017-жылдары демилгелеп ошол кездеги шаар мэри колдоого алып, шаардык бюджеттен 25 милиондун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп курулуш иши башталган. Бүгүнкү күнү ишке кирип отурат”,-деди.

Депутат Шайлообек Атазов да сөз сүйлөп: “ Мындан ары да Айбек Осмоновдун демилгеси менен 2023-жылга №35 Жоро Атабаев жана №37 Гапар Айтиев атындагы мектептердин окуу корпустарын куруу планы боюнча маселе көтөрүп бюджетке киргизүүнү сүйлөшүлүп жатат”,-деди ал.