Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Шаирбек Ташиев Салман менен жолугушуп, заманбап ноутбук белекке берди

09-01-2023
12:46

24-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиев Жаңы жыл майрамын утурлай кат менен кайрылган 10 жаштагы Салмандын кыялын орундатты. Бишкек шаарындагы мектептердин биринде билим алган Салман жазган катында кагаздардан ар кандай нерселерди жасоого кызыгарын жана ноутбук алууну кыялданып жүргөнүн белгилеген. Муну менен катар ата-энеси жана ини-карындашы тууралуу айтып берген.

Ага ылайык, бүгүн депутат Шаирбек Ташиев Салман менен жолугушуп, заманбап ноутбук белекке берди.

Окуучуга жакшы тилектерин арнап, келечек ээсин жакшы окууга үндөдү.