Түз
эфир
Бишкектеги түтүн маселесин караган парламент жыйынында эл өкүлү Ырысбек Атажанов учурда "Газпром Кыргызстан" ишканасы газификацияны ишке ашыра албай жатканын билдирди. Анткени, бир үйгө газды туташтыруу 100 миң сомдон болуп, карапайым калк бул акчага чама-чаркы жетпей жатканын айтты.