Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин биргелешкен жыйынына жана XV пленардык отурумуна катышты

23-12-2022
12:14

5-декабрда Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин биргелешкен жыйынына жана XV пленардык отурумуна катышты.

Жыйынга катышуу үчүн барган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында Төрага Нурланбек Шакиев, “Мекенчил” депутаттык тобунун башчысы Эльмурза Сатыбалдиев, “Ишеним” фракциясынын лидери Улугбек Ормонов жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков бар.

ЖККУ ПАнын жыйынындагы сөзүндө Төрага кыргыз тарап ЖККУнун потенциалын бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана жалпысынан коопсуздук жаатындагы көп тараптуу кызматташуудан сезилерлик натыйжа күтөрүн, биргелешкен күч-аракет менен коопсуз дүйнөнү түзүүдө уюмдун ролун жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирди.

Ошондой эле, ЖККУнун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бул алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн эң маанилүү куралы жана эффективдүү механизми экенин белгиледи.

Иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду.