Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын социалдык отчету (2017-жылдын сентябры – 2018-жылдын июну)

03-04-2019 16:47

«Ата Мекен» саясий социалисттик партиясы бүткүл өлкө боюнча аймактык уюмдарга ээ, бардык партиялык уюмдар менен тыгыз байланышта жана алар аркылуу жергиликтүү калк менен аймактарда иштейт.

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын курамында Жогорку Кеңештин 11 депутаты бар. Фракциянын депутаттары мыйзамдуулук, демократиялуулук, партиялык тартип, ар бир депутаттын тең укуктуу катышуусу принциптеринин негизинде иш алып барышат.

Бул отчеттук мезгил аралыгында «Ата Мекен» фракциясынын саясий аброю бир топ жогорулады, Жогорку Кеңештин, жалпы эле мамлекеттин ишмердүүлүгүндө таасири күчөдү.

2018-жылы «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Э.Т.Токтошев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Н.В.Никитенко Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы болуп шайланды.

 

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын мыйзам чыгаруу демилгелери

 

         Отчеттук мезгил аралыгында «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары тарабынан мамлекеттик сырды сактоо, географиялык аталыштарды тартипке келтирүү, сапаттуу жана үнөмдүү автомобиль жолдорунун куруу, билим берүүнүн жана илимдин потенциалын жогорулатуу, электр энергетика тармагын өнүктүрүү, ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык жагдайлар менен байланышкан мыйзам долбоорлору колдоого алынды.

 

           Мамлекеттик сырларды коргоо улуттук коопсуздуктун кепилдиктерин камсыз кыла турган эң маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат, ал эми Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасынын жана ЖККУга, КМШга, ШКУнун РАТКга мүчө башка мамлекеттердин мыйзамдарынын ортосундагы айырмачылыктардан улам, жашыруун маалыматтарды коргоонун ар кыл аспектилери боюнча мамлекеттердин ортосундагы келишимдик процесстердин жүрүшүндө жашыруун маалыматтардын ачыкталышына же билинип калышына өбөлгө түзүлүшү жана көмөк көрсөтүлүшү мүмкүн.

          «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамы ачылыштарга, изилдөөлөргө, географиялык объектилерди өздөштүрүүгө түздөн-түз катышкан тарыхый адамдардын, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, мамлекетке эмгек сиңирген илимдин, маданияттын өкүлдөрүнүн ысымдарын айылдарга жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жана аталышын өзгөртүү, ошондой эле, жоголуп кеткен, бирок өткөн убакта жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды ордуна келтирүү максатында иштелип чыкты.

         Автомобиль жолдору тууралуу мыйзам долбоору автомобиль жолдорун курууда подрядчиктердин жоопкерчилигин күчөтүү, жолдордун сапатын жогорулатуу жана жолдорду өз учурунда тейлөө боюнча кепилдиктерди камсыз кылуу максатында даярдалган.

 

         «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору беш күндүк окуу жумасын мектептерге киргизүү максатында иштелип чыккан. Алты күндүк окууну беш күндүккө өткөрүү төмөнкү көйгөйлөрдү чечет: 1) окуучуларга мектеп түйшүгү азаят; 2) мугалимдер кошумча эс алуу күнүнө ээ болушат.

 

         Электр энергетикасы тууралуу мыйзам долбоорунун максаты - электр энергетикасы тармагындагы мамлекеттик саясаттын принциптерин жана электр жана жылуулук энергиясы менен ишенимдүү, коопсуз, сапаттуу, үзгүлтүксүз камсыздандыруу максатында аларды ишке ашыруунун механизмдерин орнотуу, электр энергетикасы тармагына жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү.

 

         Бир катар мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорлору: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс, Бузуулар жөнүндөгү кодекси, «Жарнама тууралуу» Мыйзамы менен тил жөнүндө (мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде) мыйзамдардын аткарылышын жөнгө салуу максатында киргизилди.

 

         Бангизаттардын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун контрабандасы сыяктуу олуттуу көйгөйлөрү өлкөдө курч бойдон калып жатканын белгилей кетүү кажет жана мындай кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүү багытында кылмыш мыйзамдарын кайрадан карап чыгуу зарыл.

 

         Бүгүнкү күндө кээ бир кылмыш санкцияларын кайра карап чыгуу, алсак, педофилдерге карата кылмыш санкциясын күчөтүү зарылдыгы учур талабы болуп турат. Кылмыш мыйзамдарында эрезеге жете элек балдар боюнча кылмыштардын кээ бир түрлөрүнө таптакыр төмөнкү санкциялар белгиленип калган. Ушуга байланыштуу, Кылмыш-жаза кодексинде жана Жазык-процесстик кодексинде балдарга зомбулук көрсөткөндөргө карата санкцияларды күчөтүү абзел.

         «Балык чарбасы жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү караган мыйзам долбоору республиканын жаратылышын коргоо тармагындагы мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу, өзгөчө Ысык-Көл облусунун табийгый керемет сулуулугун сактап калуу максатында иштелип чыккан.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары тарабынан мындан башка дагы мамлекет жана эл үчүн маанилүү мыйзам долбоорлору демилгеленди.

 

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйындары 

 

Бул отчеттук мезгил ичинде «Ата Мекен» фракциясы 30дан ашуун жыйын өткөрдү. Фракциянын жыйындарында депутаттар калкты социалдык жактан коргоо, экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, жарандардын конституциялык укуктарынын корголушу тууралуу мыйзам долбоорлорду, дагы башка олуттуу маселелерди активдүү талкуулашты. Депутаттар шайлоо алдында кыргыз элине берген убадаларына ылайык, социалдык милдеттерди аткаруу зарылдыгын негизги максат кылып келишти.

         «Ата Мекен» парламенттик фракциясы өзүнүн жыйындарында мамлекеттик деңгээлде чоң мааниге ээ болгон бир катар резонанстуу маселелерди демилгелешти.

         Ушул жылдын апрелиндеги фракциянын жыйынында 2017-жылдагы республикадагы мыйзамдуулуктун абалы жана аны бекемдөө боюнча прокуратура органдарынын аткарган иши тууралу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын отчету тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын отчетун канааттандырарлык эмес деп табуу жана Башкы прокурор И.Ы.Джолдубаевага ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынган.

         Ошондой эле апрель айындагы «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинде айтылган коррупция менен күрөшүү боюнча чаралар да каралган.

         Парламенттик оппозициянын өкүлү болгон фракциялардын демилгеси менен биргелешкен жыйын өткөрүлүп, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга отчету каралып, олуттуу жаңылышуулары жана стратегиялык пландарды ишке ашыруудагы каталары үчүн Өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Анын жыйынтыгы менен бул маселе пленардык жыйынга чыгарылып, Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом кабыл алды.

 

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын көчмө жыйындары

         2017-жылдын декабрында Чолпон-Ата шаарында «Ата Мекен» фракциясы атайын көчмө жыйын өткөрүп, ага эмгек жана социалдык өнүгүү, билим берүү жана илим министрликтеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакыруу менен, республикадагы балдар социалдык мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн укуктук статусуна байланышкан олуттуу көйгөйлөр талкууланды. Жыйындын жыйынтыгы менен тиешелүү министрликтерге, ведомстволорго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкреттүү тапшырмалар берилди.

         2018-жылдын майында тарых музейинин имаратында «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин курулушунун жүрүшү тууралуу» маселесин карап, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоого негиз болгон олуттуу финансылык жана башка мыйзам бузууларды көтөрүп чыгышты.

         2018-жылдын июнь айында Ош шаарында «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» Указын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу» маселени карады, ошондой эле республиканын региондорундагы кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү менен байланышкан көйгөйлөр боюнча парламенттик угуу уюштурду. Угууга Билим берүү жана илим министрлигинен, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинен, Программалык жабдууларды жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынан (КАРПОУ) жана активдүү жаштар кыймылдарынан өкүлдөр чакырылды. Угуунун жыйынтыгы менен, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн турак-жай курууга ал окуу жайга жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу демилге көтөрүшүп, ал парламенттин жыйынында каралды жана аталган университетке «улуттук» макамын берүү маселесин алып чыгышты.

Фракциянын депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү

         «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары жеке, Коомдук кабылдама, ошондой эле шайлоочулар менен жолугушуу учурунда 6200дөн ашуун шайлоочулар менен жолугушушту.

          Отчеттук мезгилде фракциянын депутаттарынын жана лидеринин дарегине Кыргызстандын бүтүндөй аймактарынан жарандардан, эмгек жаматтарынан, мекеме-уюмдардан 3913 кат, кайрылуу, арыздар, анын ичинде электрондук суроо-талаптар келип түштү. Аларды карап чыккандан кийин, арыз ээлерине 3805 жооп жана иштиктүү аткаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына депутаттык суроо-талаптар жөнөтүлгөн.

         Түшкөн кайрылууларды талдоо көрсөткөндөй, Кыргызстандын тургундарын тынчсыздандырган негизги маселелер - булар: социалдык коргоо, арзан турак-жай куруу, жеңилдетилген насыяларды алуу, пенсиянын жана пособиелердин өлчөмүн көбөйтүү, сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо, регионалдык  инфраструктураны өнүктүрүү. Ар бир кайрылуу боюнча депутаттар тарабынан юридикалык кеп-кеңештер, колдон келген жардамдар берилди.

        

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын депутаттарынын кайрымдуулук ишмердүүлүгү

 

         «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары калктын социалдык аялуу катмарына ар дайым кайрымдуулук жардамын берип келет.

Жыл сайын жаңы жылдык иш-чараны аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары менен өткөрүү салтка айланып калган. «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары 2017-жылдын декабрында Исхак Раззаковдун үй-музейинде балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн артисттерди чакырып, белек берип, жаңы жылдык майрам өткөрүп беришти.

 

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын ишинин ачык-айкындуулугу

 

         «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары өз ишмердүүлүгүн камсыздоо максатында, демилгеленген мыйзам долбоорлору, фракциянын чечимдери жана башка иш-чаралар жалпыга маалымдоо каражаттары, Жогорку Кеңештин web-сайты аркылуу маалымдалып турат.

 

«Ата Мекен» саясий социалисттик партиясынын максаты жана милдеттери

 

         «Ата Мекен» саясий социалисттик партиясы – Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарынын кепилдиги болгон: социалдык маселелерди эффективдүү чечүү үчүн, өлкөнүн экономикасынын динамикалуу өнүгүшү үчүн, чыныгы демократияны жана акыйкаттыкты орнотуу үчүн чын дилден күрөшкөн ар-намыстын жана бийик принциптердин партиясы.

Кыскача жыйынтык

         Отчеттук мезгил ичинде «Ата Мекен» парламенттик фракциясы кыргызстандыктардын олуттуу социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык көйгөйлөрдү үзүрлүү чечүүдөгү мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө укуктук базага төп келтирүүнүн негизинде жетиштүү жана конкреттүү иштерди жасады.

 

         Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын ишмердүүлүгүнө жыйынтык чыгаруу менен катар, отчеттук мезгил ичинде «Ата Мекен» парламенттик фракциясы аз эле күч менен ири маселелерди өз иши, биргелешкен аракеттери аркылуу чечүүгө жөндөмдүү экенин далилдей алды. «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын алдында Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин мыйзам чегинде камсыздоо, туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетишүү, калктын жашоо-турмушунун деңгээлин жакшыртуу, эң башкысы – кыргызстандыктардын социалдык жактан корголушун камсыздоо боюнча чоң, дымактуу милдеттер турат, бул «Ата Мекен» саясий социалисттик партиясынын программалык документтери менен да аныкталган.

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 192