"Бир Бол" парламенттик фракциясынын Ооган согушунун ардагерлерин куттуктоосу!

Урматтуу Ооган согушунун ардагерлери Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз!!!

Советтер союзунун Ооганстандан өз аскерин чыгарганына быйыл 28 жыл болду. Биздин мекен сакчыларыбыздын өз өлкөсүн коргоп гана тим болбостон,  мамлекетибиздин чек арасына чектеш өлкөдө да тынчтык орнотууда  салымы зор. Сиздерге тагылган интернационалдык милдетти абийирдүүлүк менен аткарып, мекен алдында жүзүңүздөр жарык болуп, Сиздер жасаган эрдиктер түбөлүк элдин эсинде сакталып кала берет.

Сиздерге үй бүлөлүк бакыт, бекем ден соолук жана көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз. Элибизде тынчтык жана ынтымак болсун. Бар болуңуздар. Майрамыңыздар менен!!!

 

«Бир Бол» парламенттик фракциясынын лидери   А.Т.Сулайманов