СДПК парламенттик фракциясынын 2016-жылдын 15-январындагы жыйынынын күн тартиби

Убактысы жана орду: 2016-жылдын 15-январы, саат 10.00, Чоң сүйрү зал

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-январындагы №2 токтому менен жактырылган “2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Баяндамачы: Калиев Айбек Рыспекович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен жактырылган “2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Баяндамачы: Калиев Айбек Рыспекович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы №794 токтому менен жактырылган «Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II» долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Баяндамачы: Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын экономика министри.

Чакырылгандар: Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

Ибраев Карыбек Эмилжанович - ИПДО Катчылыгынын жетекчиси («Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси»);

Беков Аскат Турдумаматович - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкармалыгынын начальниги.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.А. Скрипкина тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Баяндамачы: Скрипкина Галина Анатольевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

5. Ар-түрдүү маселелер.