Бакыт Төрөбаев дүйнөлүк Олимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону менен жолугушту

11-09-2018 09:44

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине Бакыт Төрөбаев катышып, “Тарыхий иш-чара  башка өлкөнүн элдери менен достукту, туугандыкты бекемдегенин жана    масштабдуу  саамалыкты   өткөрүү Кыргызстандын аброюн көтөрүп,  элибиздин кең пейил, меймандос экендигин дагы бир ирет далилдеди” деп белгиледи.

Эл өкүлү  ошондой эле греко-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк Олимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону, түрк балбаны, учурдагы Түркиянын спорт жана маданият министринин орун Хамза Ерликая  менен учурашып, Кыргызстанда да дүйнөнү багындырган чемпиондор чыксын деген тилегин билдирди.

Көрүүлөрдүн саны : 213