Бакыт Төрөбаев Марракеш шаарында өтүп жаткан ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын күзгү жыйынынын 2-сессиясына катышат. Сессияда Төрөбаев мөнгүлөр, таза суу, электр энергия, климаттын өзгөрүшү жана Кыргызстан менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда достукту бекемдөө боюнча баяндама жасайт.