Тармактык комитетте КР Премьер-министринин 2017-жылга карата Өкмөтттүн иши боюнча отчету угулду

18-06-2018 10:27

Бүгүн, 12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту каралды.

Эл өкүлү Жыргалбек Турускулов 2017-жылы ар кандай себептерден улам мектепке барбай калган балдар тууралуу маселе козгоду. 

Депутат Кенжебек Бокоевдин пикиринде, КР Өкмөтү акимдерди дайындоо маселесине өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Укук коргоо тутумун реформалоонун натыйжалуулугуна депутат Курманкул Зулушев токтолду.

Бир катар эл өкүлдөрү КР Премьер-министри М.Абылгазиев КР Өкмөтүнүн мурдагы башчыларынын отчетун берип жаткандыгын билдиришти. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган отчетту Жогорку Кеңештин кароосуна жолдоо чечимин кабыл алышты.

Көрүүлөрдүн саны : 40