«Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын отурумунун күн тартиби, 22.01.2016

Өтүүчү күн: 22-январь 2016-жыл.

Убагы: саат 10:00.

Өтүүчү орду: Жогорку Кеңештин Батыш залы, 1-кабат.

1. Кыргыз Республикасынын аймагында рулу оң жактагы автомобилдерди коммерциялык максатта жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана башка ташууга пайдаланууга тыюу салуу боюнча “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо.

Баяндамачы: Турганбаев Мелис Токтомамбетович – Кыргыз Республикасынын  ички иштер министри;

2. “Аймактарды артыкчылык менен өнүктүрүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын кароо.

Баяндамачы: Туманбаева Рада Мураталыевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 

3. Ар кандай маселелер

 

«Республика-Ата Журт»

парламенттик фракциясынын Лидери                                                                О. Бабанов