«Республика – Ата Журт» фракциясында саламаттыкты сактоо системасынын учурдагы абалы талкууланды

04-02-2019 11:49

2019-жылдын 1-февралында «Республика – Ата Журт» парламенттик фракциясынын отурумунда КР Саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы, мамлекеттик программалардын аткарылышы жана жүргүзүлүп жаткан реформалары жөнүндө маалымат угулду.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасындагы абал, жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев баяндама жасашты. Фракция жыйынына Милдетти медициналык  камсыздандыруу фондунун (ММКФ), Эсептөө палатасынын, Башкы прокуратуранын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Фракция лидери Жыргалбек Турускулов саламаттыкты сактоо системасында жарытылуу реформа жүрбөй, олуттуу өзгөрүүлөр болбой жаткандыгын баса белгиледи. Өлкө эгемендик алгандан тарта элдин саны дагы 2 миллионго көбөйгөндүгүн, ошол эле маалда медициналык мемелердин саны өзгөрүүсүз калгандыгына токтолду. «Мисалы, эгер 2016-жылы республика боюнча 181 оорукана болсо, 2017-жылы 184кө жеткен. Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун саны мурдагыдай эле 148. Койка-орундардын саны тескерисинче, кыскартылган. Медициналык персоналдардын жетишсиздиги (4267 адис), айрыкча, аймактарда көйгөй бойдон калууда. Медицина кызматкерлеринин жарыбаган айлык акысына жаш адистер келбейт. Врачтардын орточо эмгек акысы – 18-25 миӊ сом, орто персоналдардыкы – 8-10 миӊ сом, кичи персоналдардыкы – 6-7 миӊ сом»,- деген депутат ошол эле маалда жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүп жаткандыгын билдирди.

Көрүүлөрдүн саны : 252