Жогорку Кеңешке Музаффар Исаков депутат болуп келди

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Ашэра Халикова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырып, Борбордук Шайлоо Комиссиясы анын мандаттан ажыратуу арызын кабыл алды.

А. Халикованын ордуна тизмедеги Сузак районунан  №41  талапкер Музаффар Исаков депутат болуп шайланып,  БорШайКомдун төрагасы Туйгуналы Абдраимов ага депутаттык мандат менен бирге төш белгини тапшырды. 

      Резюме:

Исаков Музаффар Ахматходжаевич 1982 жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында туулган.

Жалал-Абаддагы Элдердин Достугу университетинен 1999-2005 жылдары билим алып, «Финансы жана кредит» адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 2001 жылы Таш-Булак айылдык жаштар комитетинин төрагасы болуп баштап, Таш-Булак айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу адиси, мектеп директору болуп иштеген.

2010-2015 жылдары Таш-Булак айылдык аймагынын башчысы болуп иштеген.

Жергиликтүү кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган.

Орус, кыргыз, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Үч баланын атасы.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы