Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

08-06-2022
11:57

Өткөрүү убактысы: 2022-жылдын 10-июну, саат 10:00.

Өткөрүү орду:  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы               (1-кабат).

  1. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча маалыматты угуу.

 

Баяндамачылар:

-Тологонова Аида Бейшеналиевна - “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун төрайымы;

-Омуров Амантур Нурбекович  - “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун төрайымынын орун басары.

 

          Чакырылгандар:

-Сейитов Чоро Сейитович -  Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;

-Дуйшеева Жибек Курманбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

-Турдалиев Акылбек Беримкулович  - “РСК Банк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары;

-Норузбаев Жанар Жолдошбекович - “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары.

 

2.2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун бир эле мезгилде үч окууда кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Дж. Амангельдиевдин кайрылуусун кароо.

 

Баяндамачы:

Исаева Вероника Владимировна - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.