КСДП жана УДИ фракциянын ишмердиги боюнча кыскача  отчет даярдашты

16-10-2019 09:13

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясы Кыргызстандагы эл аралык мамилелер боюнча Улуттук демократиялык институт менен биргеликте VI-чакырылыштагы  КСДП депутаттык фракциясынын ишмердиги боюнча кыскача отчет даярдады.

Фракциянын иши боюнча отчет буклет түрүндө даярдалып, анда фракциянын бул чакырылыштагы жетишкендиктери, аткарган иштери боюнча кыскача маалыматтар камтылды. Отчетко ошондой эле КСДП фракциясынын Өкмөткө берген протоколдук тапшырмалары, өткөрүлгөн жыйындар,  эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого арналган маалыматтар, демилгеленген мыйзам долбоорлору боюнча  жана  шайлоочулар менен иштешүү тууралуу маалыматтар киргизилди.

КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 30