КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркуловдун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоосу

07-10-2019 09:39

"Кымбаттуу окутуучулар жана мугалимдер!

Кымбаттуу билим берүүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – билим берүү кызматкерлеринин күнү менен өзүмдүн жана фракция депутаттарынын атынан чын дилден куттуктайм!

Балдарды окутуп, аларга билим берүү, тарбиялоо – кесиптердин эң ардактуусу. Анткени, наристелердин, балдардын мамлекет, коом үчүн керектүү адис ээси, инсан болуп калыптануусунда мектептерде, жогорку окуу жайларында билим берген мугалим, окутуучулардын ролу өзгөчө.

Билимдүү, илимдүү инсандардан мамлекеттин эртеңи, келечеги көз каранды. Билимдүү, сабаттуу адистер гана Кыргызстандын өнүгүүсүн, жаркын келечегин камсыз кыла алышат. Биздин, бүгүнкү бийликтин милдети – келечек ээлери болгон наристе, жеткинчектерге сапаттуу билим алып, өз адистеринин татыктуу ээлери болуусуна тиешелүү шарттарды түзүп, ар бир баланын билим алуусуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылып берүү.

Ошондой эле билим берип жаткан мугалим, окутуучулардын эмгектери, түйшүктөрү татыктуу бааланып, аларга жакшы шарттарды түзүп, татыктуу маяналар менен камсыз кылуу – бүгүнкү мамлекет жетекчилеринин алдында турган артыкчылыктуу маселелерден болуп эсептелет.

Кымбаттуу билим берүүнүн кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап, ар бириңиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, байгерчилик каалайм! Өлкөнүн келечек муундарына билим берип, тарбиялап, өстүрүүдөгү эмгегиңиздерде дайыма ийгиликтер, жетишкендиктер болсун! Майрамыңыздар менен!

 

КР Жогорку Кеңешинин

КСДП парламенттик фракциясынын лидери

Иса Омуркулов

Көрүүлөрдүн саны : 23