Иса Омуркулов: Борборлоштуруу менен гана аймактардагы көйгөйлөрдү чече алабыз

22-01-2019 12:17

Мындай пикирин КСДП фракциясынын лидери Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин 22-январдагы жыйынында айтты. Анда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы боюнча Комитеттин чечиминин долбоору боюнча маселе каралды.

Жыйындын жүрүшүндө фракция лидери Иса Омуркулов өлкөдөгү айыл өкмөттөрдүн 80 %ы дотацияда турарын, ошондуктан борбордук бюджеттен көз каранды экендигин белгиледи.

Анын айтымында, өкмөт аталган көйгөйдү чечүү үчүн комплекстүү чараларды көрүшү зарыл. Анткени, айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу үчүн жергиликтүү салыктардын өлчөмүн көбөйтүү чечими эл тарабынан терс кабыл ылынышы ыктымал. Бул өз кезегинде күткөндөй натыйжа бербей калышы мүмкүн.

«Бюджетти борборлоштуруу гана айыл өкмөттөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүлөрүнө болгон жоопкерчиликтерин күчөтүп, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын стимулдаштырат, өз кызыкчылыктарын активдүү түрдө коргоого түртөт», - деди И. Омуркулов. Ошону менен бирге ал келечекте жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ролун күчөтүү менен аймактардагы инфраструктура, жол, мектеп, бала бакча, оорукана, кадрдык таңсыктык сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн болорун кошумчалады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 275