Мурадыл Мадеминов: Кыргызстандын статистикасы бардык эл аралык нормаларга ылайык келиши керек

11-12-2018 09:31

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 10-декабрдагы жыйынында депутаттар «Расмий статистика жөнүндө» мыйзам долбоорун карашты.

Мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасаган эл өкүлү Мурадыл Мадеминов мыйзам долбоору аркылуу статистика жаатындагы мыйзамдарды БУУнун фундаменталдуу принциптерине жана расмий статистикасына ылайык келтирүү каралып жатканын айтты.

«1994-жылы Кыргызстанда биринчи жолу «Мамлекеттик статистика жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. Ал мамлекеттик статистика комитеттиринин ишиндеги өз алдынчалуулукка жол ачты. Мыйзамдык базаны жакшыртуу максатында 2007-жылы «Мамлекеттик статистика жөнүндө» мыйзамы кабыл алынды. Жаңы мыйзам бул тармактагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга укуктук негиз түзүп берди», - деди М. Мадеминов.

Депутат ошондой эле 2014-жылдын январында БУУнун Ассамблеясы статистиканын негизги принциптерин кабыл алганын, ал негизделген чечимдерди кабыл алууда чоң роль ойногонун белгилеп өттү.

Ошону менен бирге эл өкүлү сунушталып жаткан мыйзам долбоору жогоруда аталган Типтүү мыйзамдардын жоболорундагы талаптарды эске алуу менен иштелип чыгылганын айтты. Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекеттик органдарды жана жарандарды калыс, бейтарапсыз маалыматтар менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 355