Абдывахап Нурбаев: Эл арасындагы мыктыларды элге таанытышыбыз керек!

06-12-2018 12:18

Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин 6-декабрдагы жыйынында айтты. Анда депутат министр, аткаминерлерди эле мыкты деп атай бербестен, эл арасындагы жөнөкөй мыкты жарандарды элге таанытсак деди.

«Президентибиз бул жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялады. Андай болгон соң КТР баштаган мамлекеттик телевиденилер аймактардагы өзүнүн адал эмгеги, мээнети менен элге кызмат кылып келаткан дагыгер, мугалимдерди мыктылар катары көрсөтүп, алар жөнүндө маалыматтарды беришсе. Ондогон чакырым жол басып, балдарды окутуп келаткан мугалимдер бар, шарттарынын начардыгына, айлыгынын аздыгына карабай айыл элинин саламаттыгына кам көрүп келаткан ак халатчандар бар. Элге жумуш орундарын берип, бюджетке салып төлөп келаткан ишкерлер бар. Мына ошондойлорду КТРден көрсөтүшүбүз керек. Болбосо, министрлер, акимдер тыйынын төлөп эле «Жылдын мыктысы» болуп келишүүдө. КТРдин жетекчилиги ушул маселени көңүлгө алып койсо», - деди депутат А. Нурбаев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 377