Өмүрбаяны
Туулган жылы: 17-октябрь 1967 жыл
Туулган жери: Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районунун Маман айылы
Никеси бар, беш балалуу
1986-1988 ж. ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Жогорку билимдүү
1992-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство Институту;
1995-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетин бүтүргөн. «Укук таануу» адистиги;
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы
Кызматтык тажрыйбасы:
1992-1995 ж. ж. № 5 балдар музыкалык мектебинде директордун орун басары
1995-1997-ж. ж. «Юта» жеке фирмасынын коммерция жаатындагы директордун орун басары
1997-2000 ж. ж. жеке ишкер
2000-2003 ж. ж. «Асфальтобетон» ААКнын коммерциялык директору
2003-2005 ж. ж. «Эл аралык Манас аэропорту» ААКнын Ош филиалынын материалдык-техникалык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы
2005-2008-ж. ж. «Эл аралык Манас Аэропорту» ААКнын материалдык-техникалык камсыздандыруу жана каттоо кызматынын башчысынын орун басары
2008-2010-ж. ж. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» Мамлекеттик Ишканасынын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы
2010-2015 ж.ж. «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
2013-2014 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» парламенттик фракциясынын Лидеринин орун басары
2014-2015 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» парламенттик фракциясынын Лидери
2015-жылдын
октябрь айы «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган
Сыйлыктары жана наамдары:
Кыргыз Республикасынын "Даңк" медали, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, «Честь и мужество» Ордени, «Содружество» Ордени, «МПА СНГ. 20 лет» Медалы, Парламент Аралык Ассамблеясынын Ардак грамотасы, «Ысык-Көл областынын ардактуу атуулу», «Ак-Суу районунун ардактуу атуулу» наамы.
Андан тышкаркы маалымат:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламент Аралык Ассамблеясынын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын Төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү.
- Ысык-Көл областындагы «Жаңы муун» коомдук бирикмесинин Ак-Суу району боюнча координатору;
- «Хан Тенгри Ак-Суу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;
- Бишкек шаарындагы будо-каратэ федерациясынын жетекчиси;
- «Кыргыз Республикасынын Гандбол федерациясы» Коомдук уюмунун Президенти.