Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети

Сабиров Максат Эсенович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-88-98

1967-жылы  17-октябрьда Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районунун Маман айылында туулган.

1986-1988 жылдары. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1992-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство Институтун, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетин бүтүргөн «Укук таануу» адистиги боюнча, ал эми 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган

Эмгек жолун 1992-1995-жылдары № 5 балдар музыкалык мектебинде директордун орун басары болуп баштаган. Андан соң 1995-1997-жылдары «Юта» жеке фирмасынын коммерция жаатындагы директордун орун басары болуп иштеген. 1997-2000-жылдары жеке ишкер, 2000-2003-жылдары «Асфальтобетон» ААКнын коммерциялык директору болгон.

2003-2005-жылдары «Эл аралык Манас аэропорту» ААКнын Ош филиалынын материалдык-техникалык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болгон. Ал эми 2005-2008-жылдары «Эл аралык Манас Аэропорту» ААКнын материалдык-техникалык камсыздандыруу жана каттоо кызматынын башчысынын орун басары болуп эмгектенген. 2008-жылынан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» Мамлекеттик Ишканасынын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

2010-жылы «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

Депутаттык ишкердиктин алкагында 2013-2014 -жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» парламенттик фракциясынын Лидеринин орун басары болуп, ал эми 2014-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» парламенттик фракциясынын Лидери болуп эмгектенген.

2015-жылдын октябрь айынан баштап «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган

Андан тышкары, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламент Аралык Ассамблеясынын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.