"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Турускулов Жыргалбек Куручбекович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-89-47

1975-жылы 3-январда Нарын областына караштуу Жумгал айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Экономика» багыты боюнча бүтүргөн.

2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде «Юриспруденция» тармагында кошумча жогорку билимге ээ болгон.

2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын аспирантурасын «Атуулдук жана үй-бүлөлүк укук, кичи жече менчик ишканалар» багыты боюнча бүтүргөн.

2015-жылы Кыргыз техникалык университетинин «Энергокамсыздоо»

Эмгек ишмердигин 1996-1998-жылдары «Эмгекчил» акционердик коомунун сатуучусу катары баштаган.

1999-2010 ж. «Строй-Арсенал» жана «Эмгекчил» ишканаларынын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп эмгектенген.

2010-2013-жылдары «Чыгыш электро» акционердик коомунун башкы директору болуп иштеген.

2013-2015-жылдары коомдук ишмер болуп иштеген.

2015-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  VI чакырылышынын  «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты.

Үй бүлөлүү, уч баланын атасы.