Райымкулов Бактыбек Кемелбекович

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-89-59

1977-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган.

Жогорку билимдүү 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. 2013-жылы Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызмат академиясын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2002-2004 ж.ж. - АВП «Киров Суу» директор.

2004-2005 ж.ж. - Панфилов районунун суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары.

2005-2007 ж.ж. - АВП «Киров Суу» директор.

2007 ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши референт.

2007-2008 ж.ж. - СПК «Алымбай Ата» жетекчи.

2008 ж. ААК «БишкекЭтКонсерваКомбинаты» директордун орун басары.

2008-2009 ж.ж. - ААК «БишкекЭтКонсерваКомбинаты» башкы директордун милдетин аткаруучу.

2009-2012 ж.ж. - ААК «БишкекЭтКонсерваКомбинаты» башкы директор.

2012-ж. Чуй областынын Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы Аким.

2015-жылы Республика-Ата-Журт партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.