"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Чолпонбаев Улан Сапарбекович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-88-24

977-жылдын 22-мартында Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин “Дипломатия жана эл аралык укук” факультетин бүтүргөн. Россия Федерациясынын Президентине караштуу эл чарба жана мамлекеттик кызмат Россиялык академиясынын угуучусу.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1997-жылы “Манас” аэропортунун бажы терминалында инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

1998-жылдан баштап “Манас” аэропортунун бажы терминалында улук инспектор.

2000-жылы «Галенфарм» ЖЧКсына менеджер болуп кабыл алынган. 2001-жылы “Галенфарм” ЖЧКнын директору болуп дайындалган. 2003-жылы “Галенфарм” ЖЧКнын коммерциялык директору болуп которулган. 2010-жылы “Галенфарм” ЖЧКсынан өз каалоосу боюнча жумуштан бошонгон.

2010-2015-жылдары V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2015-жылдын октябрь айында “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланды.

2009-2010-жылдары Монголия Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу.

2011-жылдан бери Ысык-Көл областынын шахмат федерациясынын Ардактуу президенти.

2012-жылдан бери Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Ардактуу атулу.

Үй-бүлөлүү. Эки баланын атасы.